Алтынбек Сулайманов: Шайлоонун жыйынтыгын 13 партия тааныган жок

Алтынбек Сулайманов: Шайлоонун жыйынтыгын 13 партия тааныган жок

Бүгүнкү митингге аргасыздан чогулуп жатабыз. Анткени мыйзам иштеген жок. Шайлоо толук мыйзам бузуу менен өттү. Бул тууралуу бүгүн, 5-октябрда Бишкектеги борбордук аянтта өтүп жаткан митингде «Бир-Бол» саясий партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов билдирди.

Ал 16 партиянын 13ү шайлоонун жыйынтыгын тааныган жок экенин айтты.

«Көпчүлүк партиялар шайлоонун жыйынтыгын тааныбаса, анда легитимсиз болот. Ошондуктан бийлик шайлоону кайрадан өткөрсүн. Анткени мыйзам бузуулар боюнча далилдер жетиштүү», — деди саясатчы.

Журналист Сулаймановго «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» партиялары үгүт иштеринин жүрүшүндө аймактардагы агитаторлоруна басым болгонун айткан. Буга сиздин пикириңиз кандай» — деген суроо узатты.

Сулайманов: «Калп айтышпасын, ал үч партия бири-бири менен чабышканын бизге таңуулабасын. Бизге окшогон партиянын өкүлдөрү алардын жанына басып бара алган жок».

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>