«Альянс Алтын» Талас бийлигине ишмердүүлүгү тууралуу айтып берди

«Альянс Алтын» Талас бийлигине ишмердүүлүгү тууралуу айтып берди

Талас районунун мамлекеттик администрациясында чоң жыйын болуп, ага жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары катышты. Бул тууралуу «Альянс Алтын» билдирди.

Иш-чара түшүндүрүү жана маалыматтык мүнөздө болуп, анда компаниянын ишмердүүлүгү боюнча материалдар сунушталды.

Жыйындын жүрүшүндө облустун өкүлдөрү өздөрүн кызыктырган экологиялык тобокелчиликтер, калкты жумуш менен камсыз кылуу маселелерин активдүү көтөрүп, кенди өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүштү. «Альянс Алтын» ишканасынын жетекчилиги коомчулукка компаниянын ишмердүүлүгү, аткарылып жаткан жана алдыдагы иштери тууралуу маалымат берди. Баардык шарттар ишкана тарабынан так жана өз убагында аткарылып жатканы белгиленди.

Райондун акими Нургазы Нармырзаев өндүрүш аянтына болгон сапарында фабриканын заманбап технологиялар менен жабдылышына көңүл буруп, алтын казып алууда экологияга зыяны жок технологиялар байкалып жатканын билдирди.

Жыйында талкууланган маанилүү маселелердин бири жергиликтүү калкты иш менен камсыз кылуу болду. Буга чейин президент Садыр Жапаров компаниянын жеке курамынын 70% Бекмолдо айыл аймагынын тургундары болушу керектигин айткан. Бүгүнкү күндө Талас облусунан келген кызматкерлердин жалпы саны 58%ды түзөт.

Жыйындын соңунда жер-жерлерде айыл өкмөт башчыларынын жана мекеме-уюмдардын жетекчилеринин жардамы менен таанышуу жолугушууларын өткөрүү маселелери талкууланды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>