“Альянс Алтын” ишканасынын жардамы менен Талас облусунда жашаган аялдар медициналык көзөмөлдөн өтөт — сүрөт

“Альянс Алтын” ишканасынын жардамы менен Талас облусунда жашаган  аялдар медициналык көзөмөлдөн өтөт — сүрөт

Альянс Алтын ” ЖЧКсы “Бакубат Талас” фонду менен биргеликте, Кыргызстан калкынын арасында аялдарды онкологиялык оорулардан ичинен өлүмгө биринчилерден болуп кириптер кылган оору — эмчек безинин рагы илдетине карата текшерүүдөн өтүүгө шарт түзүп берди.

Текшерүү заманбап маммограф орнотулган көчмө диагностикалык клиниканын жардамы менен жүргүзүлөт. Ал залалдуу шишик ооруларын биринчи баскычтарында аныктап  бергендиктен, миңдеген  өмүрлөрдү сактап калууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Маммографтын жардамы менен эмчек безинин рагы оорусун эртелеп билип алуу – Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму белгилеген алтын стандарттардын катарына кирет. Аталган көчмө клиника саламаттык сактоо тармагынын адистери багыты боюнча тыгыз кызматташуусу,  Талас облусунун райондук борборунда жана айылдарында кызмат өтөй тургандыгы айтылууда.

Тартылган сүрөттөрдүн бардыгы Бишкектеги тажрыйбалуу рентгенолог адисине келип, кайрадан үй-бүлөлүк дарыгерлерге жөнөтүлүп турат. Бардык күмөн санаткан жагдайлар атайын программанын жардамы менен көзөмөлгө алынып,  текшерилүүчү айым андан аркы кадамдар боюнча кошумча маалыматтарды ала алат. «Алтын Альянс» компаниясы аталган оорунун алдын  алуунун маанилүүлүгүн белгилеп, Талас облусунда жашаган аялдарга, мобилдик клиника медициналык тейлөөнү сапаттуу жүргүзөт деп ишенет. Эн негизгиси – бардык каалоочулар үчүн текшерүү акысыз .

Маалымат үчүн:

Кыргыз Республикасындагы онкологиялык оорулардын түзүмүндө эмчек безинин рак оорусу 18,5 пайызды, экинчи орунду жатын моюнчасынын рагы ээлейт. Ал 13 пайызды түзөт. 2020-жылы бардыгы болуп эмчек бези рагынын 626 учуру, ал эми жатын моюнчасы рагынын 413 учуру катталган.

Бир жыл ичиндеги аталган оорунун көп катталышынын себептери – оорулуулардын кеч кайрылышы, ҮМБда квалификациядан өткөн адистердин жоктугу, врачтардын жана калктын аталган оорулардын алдын албагандыгы, ҮМБда кароо бөлмөлөрүнүн жоктугу жана башка себептер кирет.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>