Адылбек Касымалиев БУУнун эки экономикалык комиссиясынын жетекчилери менен жолуктуЭми кыргызстандыктар Кытайга малина, бүлдүркөн жана карагатты экспорттой алышатКыргызстанда пайдубалы толук бүтө элек үйлөрдөн батир сатууга тыюу салындыКыргызстанда 62 миң сом төлөмү менен «Манасчы» макамын киргизүү сунушталуудаЖогорку соттун төрагасы ишти создуктурган судьяларга катуу чара көрүлөрүн эскертти«Кыргызкөмүр» Кара-Кече үчүн 26 млн сомго жаңы техника сатып алды
Мамлекеттик дарыканалар жыл аягына чейин ачылат
09.10.2023 | 15:37
Саламаттыкты сактоо министрилиги мамлекеттик дарыканаларды 1-январга чейин ачат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коопсуздук жана коргоонуу комитетинин жыйынында мекеменин жетекчиси Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
Ал өндүрүшчүлөр менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын белгиледи. Мамлекеттик дарыканада баалар бир топко арзан болот.
“Өндүрүштөн түз сатып алып, дары-дармектин баасына 5 пайыз гана кошулат”, – дейт ал.
Белгилей кетсек, “Кыргыз фармация” ишканасынын карамагында 35 мамлекеттик дарыкана ачылат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом