Алымкадыр Бейшеналиев орун басарынан 1 млн. сом талап кылган

Алымкадыр Бейшеналиев орун басарынан 1 млн. сом талап кылган

Башкы прокуратурага Саламаттык сактоо министринин орун басары Улукбек Бектурганов арыз менен кайрылып саламаттык сактоо министри А.Бейшеналиев 2021-жылдын май айынан баштап андан өзүнүн кызматтык бөлмөсүнө бир нече ирээт чакырып, ээлеген кызматынан кетирүү тууралуу коркутуу менен басым жасап, 1 млн. сом пара берүүсүн талап кылгандыгын билдирген. Бул туурасында башкы көзөмөл органдан билдиришти.

Маалыматка караганда,  өз учурунда, Улукбек Бектурганов ээлеген кызматынан кетүүсүнөн жана ар кандай коркутуулардан кийин 498 миң сомду туугандарынан карызга алып, аны 2021-жылдын 8-июлунда Алымкадыр Бейшеналиевдин ооз эки тапшырмасы боюнча Бишкек шаарындагы курулуш компанияларынын биринин өкүлүнө берген.

Көрсөтүлгөн факты боюнча Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 343-бер. (опузалап пара алуу) менен кылмыш иши козголгон.

Учурда иш боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>