Баткенде мыйзамсыз селитра жүктөлгөн унаа кармалды

Баткенде мыйзамсыз селитра жүктөлгөн унаа кармалды

Баткен облусунда биешелүү документтери жок, селитра жүктөлгөн унаа кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2-июнда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын “Баткен” бажысы менен биргеликте контрабандага каршы аракеттенүү жаатындагы ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, “Развилка” стационардык постунан Халмион айылы – Баткен шаары багытында бара жаткан Ы.З.А. аттуу жаранынын башкаруусундагы “Хово” үлгүсүндөгү  автоунаа кармалган.

Унаанын айдоочусунун айтымында, унаага майда уратылган таштар жүктөлгөн. Бирок дыкат текшерүү учурунда майда таштардын астынан Өзбекстандан чыгарылган 285 кап минералдык жер семирткичтер (селитра) табылган. Ошондой эле айдоочуда ташылган минералдык жер семирткичтерге тиешелуу укук белгилөөчү документтер болгон эмес.

Кармалган унаа Баткен шаарындагы бажы терминалына алынып келинип, таразага тартылгандан кийин, ташылган селитранын жалпы көлөмү 14 миң 250 кг түздү. Жүктүн болжолдуу баасы 570 миң сомду түзөт.

Учурда бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесинде (Экономикалык контрабанда) каралган кылмыш белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүштү каттоо маселеси каралууда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Баткен

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>