Кыргыз-тажик чеги: Атышуудан жараат алган аскерлердин абалы айтылды

Кыргыз-тажик чеги: Атышуудан жараат алган аскерлердин абалы айтылды

Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуудан жаракат алган аскер кызматкерлерине диагноз коюлду. Учурда алар Баткен облустук биргелешкен ооруканасында дешет Саламаттыкты сактоо министрлигинен.

1. С.уулу Б. 21 жашта, диагнозу: Баш мээси чайкалып, жабык жаракат алган, баштын төбөсү жабыркаган, омурткасы сынган, травматикалык шок. Абалы орточо оор;

2. Ж.З. 22 жашта, диагнозу: Баш мээнин жабык жаракаты, контузиясы, ийиндин жана моюндун сол тарабынан сынык алган, травматикалык шок, геморрагиялык шок. Абалы өтө оор деп бааланууда, бейтап жасалма дем алдыруучу аппаратта.

Жабырлануучуларга тиешелүү бардык жардамдар көрсөтүлүүдө. Бишкектен дарыгерлер тобу түзүлүп, жардам берүү үчүн Баткенге жөнөп кеткенге даярданууда. Реаниматолог, хирургдар болуп жалпы 10 адис барат.

Баткен районундагы Булак-Башы айылында Тажикстандын чек арачылары мамлекеттик тилкеден мыйзамсыз өткөн. Алар кыргыз чек арачыларынын талаптарын аткаруудан баш тартып, ок чыгарып, минамёт колдонууга өтүшкөн.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>