Кочкордо 30 гектар айдоо жер мамлекетке кайтарылдыКыргызстан 2040-жылга чейин айыл чарба чийки затын кайра иштетүүнү 50%га жеткирүүнү пландаштыруудаЖарандар өздөрүнүн кыймылсыз мүлкү боюнча бүтүмдөргө тыюу сала алышатБишкекте «Energy Expo 2026» эл аралык энергетикалык көргөзмөсү өтөтЧолпон-Атадагы ат майданы капиталдык оңдоодон өтүүдөСоң-Көлдөн сегиз чакырымга созулган браконьердик тор чыгарылды
Амантур Исмаилов Олимпиаданын коло байгеси үчүн күрөшөт
08.08.2024 | 15:17
Грек-рим балбаны Амантур Исмаилов (67 кг) Олимпиада оюндарынын коло байгеси үчүн күрөшөт.
Исмаилов кечээ, 7-августта килемге чыгып, таймашты 1/8 финалдан баштаган. Биринчи беттешинде грузиялык Рамаз Зоидзени 12:1 эсебинде уткан. Бирок чейрек финалда украиналык Парвиз Насибовго 6:7 эсебинде жеңилип калган.
Насибов финалга өткөндүктөн Исмаилов көңүл жубатуучу беттешке чыгып, коло үчүн күрөштү улантууга мүмкүндүк алган.
Көңүл жубатуучу беттеш бүгүн, 8-августта өтүп, анда Амантур Исмаилов сербиялык Мате Немеш менен кез келди. Ал атаандашын 1 мүнөт 5 секунддун ичинде 8:0 эсебинде утуп алды. Ошентип ал коло үчүн күрөшө турган болду.
Эми ал үчүнчү орун үчүн азербайжандык Хасрат Жафаров менен күч сынашат. Беттеш бүгүн саат 23:30да башталат.