Америкалык айым чачына лактын ордуна  клей коюп интернет жылдызына айланды

Америкалык айым чачына лактын ордуна  клей коюп интернет жылдызына айланды

Тессика Браун чачына спрей түрүндө чыгарылган Gorilla Glue клейин сүйкөп алды. Ал клейди чачты катыруучу лак катары колдонгон, бирок көп өтпөй туура эмес чечим кабыл алганын түшүнгөн.

“Баарын жууп салайын десем, суу жөн гана агып кетти. Коркконумдан апама да телефон чалган жокмун. Мен аны менен бир жумадан бери сүйлөшө элекмин. Мен өзүмө-өзүм: башкысы дүрбөлөң болбо, башкысы дүрбөлөң болбо! — деп кайталай бердим

Тессика Браун чачын ар кандай химиялык заттарды колдонуп кеминде 15 жолу жууганы менен оң жыйынтык болгон эмес. Ал тез жардам кызматын чакырган менен алардан да жардам болбогон.

Тессиканын видеосу ТикТокто 16 миллион, Инстаграмда 2 миллион жолу көрүлгөн. Бүгүнкү күндө видео 3,4 миллион «лайк», 111 миң комментарий жана 337 миң бөлүшүү топтогон. Видео тездик менен жайылып, башка платформаларгада тарап кетти. Тессика социалдык тармактарда Gorilla Glue Girl деген ысым менен популярдуу болууда.

Тессиканын дарылануу үчүн ачкан кайрымдуулук эсебине 23 миң доллар чогулган. Лос-Анжелестик пластикалык хирург ага жардамын сунуштап, акысыз көмөк көрсөткөн. Операция төрт сааттай убакытка созулуп, ал узун чачтары жок калган.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>