Касым-Жомарт Токаев Орусияны ТМУга кабыл алууну сунуштадыКырсык себеп болгон: Бишкек мэриясы жаңы каптаманын бузулушунун себебин атадыКыргызстанда трансчек аралык кагазсыз соода боюнча Улуттук жол картасы иштелип чыктыКылмыштуу активдерди кайтаруу жана ачыктык: Башкы прокуратура Бакудагы жыйындаСадыр Жапаров геосаясий өзгөрүүлөрдүн шартында ТМУнун ролу өсүп жатканын билдирдиЖАМКнын тергөөчүсү 100 миң сом талап кылууга шектелип кармалды
Жалал-Абадда бир жумада 57 мас айдоочу кармалды
01.03.2021 | 10:08
Жалал-Абадда бир жумада 57 мас айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын облустук бөлүмүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун аймагында 20-февральдан 27-февралга чейин, бир жума аралыгында жалпы 1468 жол эрежелерин бузуу катталган. Анын ичинен 57 айдоочу автоунааларын мас абалында, 483 айдоочу каттуу ылдамдыкта, 14 айдоочу алдыңкы терезелерин караңгылатып алгандыгы үчүн болсо жана башка жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 912 айдоочуга протоколдор түзүлгөн.
Жалпы 201 автоунаа айып короосуна токтотулган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар