Англияга иштөө үчүн Кыргызстандан бир жылда канча адам кетти?

Англияга иштөө үчүн Кыргызстандан бир жылда канча адам кетти?

Улуу Британияда 763төн ашык адам жумушка орношту. Бул тууралуу эмгек, социалдык коргоо жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев билдирди.

Анын айтымында, учурда 200дөй адам жумушка орношууну күтүп жатат.

“Министрлик сентябрь-октябрь айларында Улуу Британияга 600 кишиге квотаны көбөйтүүгө макулдашты. Жалпысынан быйыл Улуу Британияга 1600дөй кыргызстандык барат. Аларга ал жакта иштеген жагат, анткени аларда жакшы шарттар бар», — деди ал.

Ал белгилегендей, министрликтин алдында жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору бар. Кыргызстандыктар барып иштей турган бир нече эл аралык багыттар бар. Мисалы, Түштүк Корея, Германия, Россия жана Улуу Британия. Кыргызстандыктар Улуу Британияга жана Түштүк Кореяга сезондук жумушка барышат.

«Биз азыр аймактардан Түштүк Кореяга түз жөнөтүп жатабыз. Жакында эле Өзгөн районунан, Талас облусунан жөнөтүлдү. Июнь айында 62 адам жиберилген. Жаралып жаткан суроо-талапка байланыштуу биз квотаны 300 адамга чейин көбөйтүүнү макулдаштык», — деп кошумчалады ал.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>