Таласта аялы күйөөсүн балталап салган окуя боюнча сот өкүм чыгарды

Таласта аялы күйөөсүн балталап салган окуя боюнча сот өкүм чыгарды

Таластын Кара-Буура райондук соту 27 жаштагы Мадина менен Осмондун кылмыш иши боюнча өкүм чыгарды. Бул тууралуу соттун токтомунда айтылат.

Айыптоочу тараптын маалыматы боюнча, 2021-жылдын 30-январында саат 23:30дар чамасында Талас облусунун Манас районунун Новодонецк айылындагы үйлөрдүн биринде Мадина күйөөсү менен уруша кетип, балта менен бетке жана башына чапкан. Жолдошу алган жаракатынан каза болгон. Ошондон кийин кыз досу Осмонго телефон чалып, кылмыштын изин жашырууга жардам берүүнү суранган. Алар сөөктү катууга аракет кылышкан.

Тергөө-ыкчам тобу тарабынан окуя болгон жерге барып, жеринен кароо жүргүзгөн учурда, үйүнүн кире бериш бөлмөсүндө 1994-жылы туулган Х.Н. жансыз денеси чалкасынан жаткан. Денеде учтуу нерсе менен кесилип урулган жаракат белгилери болгон.

Аталган факт боюнча Манас РИИБнин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттап, маркумдун аялын кылмышка шектеп кармашкан.

Тергөө иштеринин натыйжасында керектүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүп, жыйынтыгында сот Мадинаны күнөөлүү деп таап, 10 жылга эркинен ажыратып, 130 миң сом айыпка жыкты.

Ал эми Осмон 3 жылга эркинен ажыратылды. Сот тарабынан белгиленген эркинен ажыратуу өкүмү жокко чыгарылып, эки жылга пробациялык көзөмөл дайындалды. Ал сот залынан бошотулду.

Дене учтуу нерсе менен кесилген. Таласта күйөөсүнүн өлүмүнө шектелип, жубайы кармалды

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>