Апта ичинде кимдер кызматка дайындалды?

Апта ичинде кимдер кызматка дайындалды?

Ушул жылдын 27-мартынан 1-апрелине чейин Кыргызстанда бир катар кадрдык өзгөрүүлөр болду. Reporter.kg апта ичинде кызматка дайындалган жетекчилерди тизмектеди.

27-мартта Венгриядагы элчи Талантбек Кушчубеков Кыргызстандын Словениядагы элчиси болуп дайындалды.

Элчиликтин резиденциясы Будапешт шаарында жайгашып, Талантбек Кушчубеков эки өлкөдө элчилик кызматты аркалайт.

Дайындоо тууралуу жарлыкка Садыр Жапаров кол койгон.

Талантбек Кушчубеков 2021-жылдын 23-декабрында Венгрияга элчи болгон.

29-мартта санариптик өнүктүрүү министринин эки орун басары дайындалды. Алар — Айтымбетом Ренат Калкабаевич жана Кийизбаева Жазгуль Ильичевна.

Тиешелүү тескемеге 25-мартта министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Ал эми буга чейинки орун басарлар — Абдисамат Сагымбаев менен Айдарбек Мамбеткадыров башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматтарынан бошотулушту.

Президенттик администрациянын санариптик өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Азамат Буржуев расмий түрдө Санариптик өнүктүрүү министрлигинин борбордук аппаратына жаңы дайындалган санариптик өнүктүрүү министринин орун басарларын тааныштырган.

29-мартта Камчыбеков Шералы Равшанбекович Жогорку соттун төрагасынын орун басары болуп дайындалды.

Тиешелүү буйрукка Садыр Жапаров кол койгон.

Ал Жогорку соттун төрагасынын орун басары кызматына 5 жылдык мөөнөткө дайындалды.

Буга чейин Давлетов Айбек Абубакирович өз каалоосу менен Жогорку соттун төрагасынын орун басары кызматынан кеткен.

31-мартта жарандык активист Болот Ибрагимов Садыр Жапаровдун коомдук башталгычтагы кеңешчиси болуп дайындалды.

Тиешелүү жарлыкка буга чейин өлкө башчысы кол койгон. Активист коомдук башталышта иш алып барат.

31-мартта Тагаев Мураталы Абдыкарович борбор калаанын Ленин районунун акими болуп дайындалды.

Тиешелүү буйрукка мэр Эмилбек Абдыкадыров кол койду.

Ошол эле күнү Мураталы Тагаев Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун акими кызматынан бошотулган. Аталган кызматты ал 2022-жылдын мартынан бери аркалап келген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: КООМ , САЯСАТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>