Араван — Ак-Буура каналын оңдоп-түзөөгө 17,8 млн евро алынат

Араван — Ак-Буура каналын оңдоп-түзөөгө 17,8 млн евро алынат

Бүгүн, 16-январда парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында «2022-жылдын 8-июлунда Лондон шаарында кол коюлган Кыргызстан менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Кыргызстанда климатка туруктуу суу менен камсыздоо» долбоору боюнча кредиттик жана гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоору каралды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Жыйында айыл чарба министринин орун басары Мурат Раматов белгилегендей, аталган долбоордун максаты — Кара-Суу жана Араван райондорундагы Араван — Ак-Буура каналын модернизациялоо жана реконструкциялоо боюнча курулуш иштеринин аткаруу.

«Долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында 21 миң гектарга жакын аянтын суу менен камсыздалышы жакшырат. Мерчемделген иштерди ашыруу үчүн Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан жалпы суммасы 17 млн 870миң евро болгон каражат бөлүнүп берилет, анын ичинде кредит – 14 млн 130 миң евро, грант – 3 млн 740 миң евро», — деди ал.

Баяндамачы, депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, кредиттик каражаттар 15 жылга, төрт жылдык жеңилдетилген мөөнөткө жана өзгөрүлмө пайыздык чен менен берилерин кошумчалады.

Талкуу маалында комитет мүчөлөрү ирригациялык тармакты өнүктүрүүнүн, суу менен камсыздоо маселелердин маанилүүлүгүнө көңүл буруп, бөлүнгөн каражатты максаттуу пайдалануу зарылдыгын белгилешти. Мындан тышкары, депутаттар өзгөрүлмө пайыздык ченди орнотуудан күмөн санап, бул чендин кескин жогорулашына жол бербөө үчүн келишимди болжолдуу маалыматтарды эске алуу менен бекитүүнү сунушташты.

Талкуудан соң аталган мыйзам долбоорун кароо комитеттин кийинки отурумуна жылдырылып, демилгечилерге мыйзам долбооруна жетишпей жаткан материалдарды толуктоо боюнча сунуштар берилди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>