«Жасалма интеллект (ИИ) деп айтпаш үчүн» — спортчу кыз Садыр жана Айгүл Жапаровдорду Ысык-Көлдөн кокусунан жолуктуруп калдыБишкектиктерге ысык суу качан берилери белгилүү болдуКыргызстандын бийлиги туристтерге орой мамиле кылгандар катаал жазаланарын эскерттиБишкекте Жеңиш күнүнө карата автожүрүш өттүӨКМ башчысы Баткендеги сел кооптуу тилкелерде коргоо иштерин тездетүүнү тапшырдыАла-Арчада япониялык эки турист куткарылды — видео
Араванда сууга аккан 2 адамдын сөөгү изделүүдө
21.06.2019 | 12:07
Араван районундагы Түштүк-Фергана каналына түшүп кеткен 1 эркек жана 1 аялдын сөөгү изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Тургундардын сууга агып кеткендиги тууралуу маалымат 20-июнь күнү түшкө жуук келип түшкөн.
Ошол эле күнү аларды издөөгө ӨКМден жана милициянын 60га жакын кызматкери тартылып, кеч кирип кеткенидиген байланыштуу издөө иштери токтотулган. Бүгүн, 21-июнь күнү издөө иштерин улантылууда.
Издөө ишине көмөктөшүү суранычы менен Өзбекстандын ӨКМине кат жолдонгон.
Рубрики: Жаңылыктар