УКМК баасы 30 млн сомду түзгөн 6 килограммга жакын синтетикалык баңгизатты алды

УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, атайын операциянын жүрүшүндө КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери эл аралык уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бар деп шектелген 1999 жана 2008-жылы туулган Кыргызстандын үч жаранын кармады.



Мекеменин маалыматына ылайык, унааны тинтүү учурунда ыкчам кызматкерлер 1 килограммга жакын синтетикалык баңгизат табышкан. Кармалгандардын жашаган жеринен дагы 1 килограмм 405 граммга жакын ушундай эле зат алынган.



Мындан тышкары, УКМК кызматкерлери баңгизат катылган («закладка») 60тан ашык жашыруун жайды аныктап, жок кылышты. Ал жерлерден 3 килограмм 335 граммга жакын синтетикалык баңгизат табылып алынды.

Жалпысынан Кыргызстандын аймагында сатууга арналган 5 килограмм 740 грамм синтетикалык баңгизат мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынды. Алдын ала баалоо боюнча, бул 20–25 миң бир жолку дозага барабар. Алынган баңгизаттардын көмүскө базардагы болжолдуу чекене баасы 30 миллион сомдон ашат.
УКМК конфискацияланган заттар өзгөчө коркунучтуу синтетикалык баңгизаттардын категориясына кирерин белгиледи.

Кылмыштуу схеманын бардык катышуучуларын жана баңгизаттарды жеткирүү каналдарын аныктоо боюнча тергөө аракеттери жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүрүп жатат.