Эми эттин сапатын QR код аркылуу текшерүүгө болот

Эми эттин сапатын QR код аркылуу текшерүүгө болот

Ветеринардык кызмат витринадагы QR кодду сканерлеп, этти сатып алардан мурун анын сапатын жана жарактуулук мөөнөтүн текшерүүгө мүмкүндүк берген идентификациялык системаны ишке киргизди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

QR код же документтердин электрондук жүгүртүүсү деп аталган система эт азыктары менен болгон операциялардын бардык чынжырчасын, малды союудан тартып эт кассасына түшүрүүгө чейин жазып алат, ошентип, малдын жашын, кайдан алып келгенин, качан союлганын, эт бардык ветеринардык-санитардык нормаларга жооп береби же жокпу, ж.б. билсе болот.

«Бул жерде эттин сапатына көзөмөл так көрсөтүлүп, аны айылдык ветеринар, андан кийин мал союучу жайларды көзөмөлдөгөн ветеринар текшерет. Кийинчерээк азыктар соода базарларына чыгып, малдын өлүктөрү кайрадан тыкыр ветеринардык экспертизадан өткөрүлөт жана андан кийин гана эт бардык зарыл болгон ветеринардык-санитардык талаптарга жооп берсе, аны сатууга укуктуу», — деп белгилешти мекемедегилер.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: эт

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>