Арстан Алай божомолдобой калабы? Катталган уюмдар гана аба-ырайы тууралуу маалымат берет

Арстан Алай божомолдобой калабы? Катталган уюмдар гана аба-ырайы тууралуу маалымат берет

Министерлер кабинетинин атайын реестринде катталбаган мекемелер аба-ырайы тууралуу маалымат бере алышпайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында  “Кыргызгидромет” борборунун жетечкиси Татьяна Черникова билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын аймагында гидрометеорологиялык маалыматты таркаткан тараптардын адистиги жана тийиштүү жабдуулары болушу шарт. Каттоосу жок уюмдардын жоопкерчилигин кароо сунушталууда.

Депутат Эмилбек Жамгырчиев «кыш болбойт», «быйыл кышты жоюп салдым» деп өз алдынча божомолдорун айткан Арстан Алайды кантип жоопкерчиликке тартса болоруна кызыкты.

Татьяна Черникованын айтымында,  атайын комиссия түзүлүп, мыйзамды ишке ашыруунун жол жобосун иштеп чыгат. Ошондо Арстан Алай сыяктуу өз алдынча маалымат бергендердин жоопкерчилиги каралышы мүмкүн.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>