Арстан Алайдын өлүмү. Түрмөнүн бир кызматкери көз жумду

Арстан Алайдын өлүмү. Түрмөнүн бир кызматкери көз жумду

Арстан Алайдын өлүмүнө айыпталгандардын катарындагы №31 түзөтүү абагынын кызматкери каза болду. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Маркум үй камагына чыгарылган, анын өлүмүнүн себеби айтылган жок.

Прокуратуранын маалыматында, Арстан Алайдын өлүмү боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 348-беренеси («Шалаакылык») боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында түрмөнүн 5 кызматкери айып тагылды. Кылмыш иши тергелип бүтүп, Чүй областынын Аламүдүн райондук сотунда каралып жатат.

Арстан Алай 5-январь күнү Молдовановкадагы №31 абакта асынып, көз жумду. Ал декабрда кармалып, 2024-жылдын 15-январына чейин камалган. Анын өлүмү боюнча маалымат декабрь аягында таркап, бирок аны Жаза аткаруу кызматы четке каккан. УКМК Арстан Абдылдаевге карата Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 1-бөлүгү (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) боюнча кылмыш ишин козгогон.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>