Банктар сом менен чет өлкөлүк валютага караганда 15 эсе көп депозит кабыл алыштыБанктардагы жаңы депозиттердин көлөмү сегиз айда 29%га өстүБишкекте турак үйлөрдөн жасалма алкоголдук ичимдиктерди өндүрүү жайлары аныкталдыКР коргоо министринин мурдагы орун басары Бишкектин кырсыктарга даяр эместигин эскерттиҮй-бүлөлүк зомбулуктун 68%га өсүшү: Кыргызстанда жаңы чаралар сунушталуудаӨзбекстан Самарканд тууралуу жарыяланган посттор үчүн Ирандын элчисине нааразылык нотасын тапшырды
Арыс шаарында кампадан өрт чыкты
12.07.2019 | 09:51
Кечээ, 11-июнда Казакстандын Арыс шаарында кампадан өрт чыкты. Бул тууралуу Түркистан облус акиминин кеңешчиси Сакен Калманов Фейсбуктагы баракчасына жазды.
“Арыс шаарында депо кампасы өрттөндү. Бардык кызмат өрттү өчүрүү аракетин көрүп жатат. ӨКМден 55 адам жана 8 техника тартылды. Шаар тургундарынын өмүрү менен коопсуздугуна коркунуч жок. Абал көзөмөлгө алынды, тынчызданууга негиз жок”, – деп жазган ал.
Буга чейин 24-июнда Арыс шаарындагы курал-жабдык сактоочу кампадан өрт чыгып, андан соң ири жарылуу болгон. Кырсыктан улам шаар тургундары коопсуз жайга чыгарылган. Оор жаракат алган 3 адам каза болуп, 90го жакын адам оруканага кайрылган. Окуя болгон жерге президент Касым-Жомарт Токаев да барган.
.