Жээнбеков Москвада Путин менен жолугушту

Жээнбеков Москвада Путин менен жолугушту

Президент Сооронбай Жээнбеков 11-июлда, Швейцарияга болгон расмий сапарынан кайтып келатып бир күндүк иш сапары менен Москва шаарында  болду.

Сапардын алкагында ал Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушту. Бул эки мамлекет башчыларынын кезектеги жолугушуусу, буга чейин салт болуп калгандай эки тараптуу форматта өттү.

Андан соң өлкө башчылар буга чейинки макулдашууларды ишке ашыруу жана 2020-жылды эки өлкөдө кайчылаш жыл деп жарыялоонун алкагында иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү боюнча пикир алмашышты.

Мындан сырткары соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда эки тараптуу актуалдуу маселелер, ошондой эле Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Кеңешинин алдыда боло турчу  сессиясына даярдыктар талкууланды.

ЖККУ Саммити Бишкек шаарында 2019-жылдын 28-ноябрында өтөт.

 

Рубрики: САЯСАТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>