Ашыралиевдин жактоочусу психиатриялык экспертиза жүргүзүүнү сунуштайт

Ашыралиевдин жактоочусу психиатриялык экспертиза жүргүзүүнү сунуштайт

Бүгүн, 15-январда Бишкек шаардык сотунда Алтынай Канзаманова менен анын уул-кызын өлтүрүүгө айыпталып, өмүр бою эркинен ажыратылган Чынтемир Ашыралиевдин жактоочусунун апелляциялык арызын кароо улантылды.

Соттук отурумдүн жүрүшүндө айыпталуучунун жактоочусу каргашалуу окуя тууралуу айрым учурлар Ашыралиевдин эсинде жок болуп жатканын, мындай кылмышты адам аффект абалында жасашы мүмкүн экенин айтты. Ал айыпталуучуга психологиялык-психиатриялык экспертиза өткөрүү жана экспертиза жүрүп жатканда соттук процессти токтотуп туруу боюнча өтүнүч келтирди. Ал буга чейин райондук сот аталган экспертизаны жүргүзүүгө макулдук бербей койгонун билдирди.

Жабырлануучу тараптын жактоочусу буга чейин өткөрүлгөн психиатриялык экспертиза Ашыралиевдин  акыл-эси жайында экенин көрсөткөнүн билдирди. Ал Ашыралиев кылмыш жообунан качуу үчүн гана «окуя жакшы эсимде жок» деп жатканын белгиледи.

Прокурор дагы кайра экспертизага каршы чыкты.

Сот жактоочунун өтүнүчүн канааттандырган жок.

Эскерте кетсек, 2023-жылы 16-февралда Бишкектин 5-кичи районунда Алтынай Канзаманова жана анын 2005-жылы туулган кызы менен 2014-жылы туулган баласы киши колдуу болгон. Бул кылмышка шектүү катары УКМКнын мурдагы кызматкери 36 жаштагы Чынтемир Ашыралиев кармалган. Ашыралиев маркум аял менен жакын мамиледе болуп, 2014-жылы ал Ашыралиевге уул төрөп берген. Ашыралиев аялды, анын кызын жана өз уулун өлтүргөн деп айыпталган. Ошол эле учурда айыпталуучунун өзүнүн үй-бүлөсү болгон.

Иш Октябрь райондук сотунда каралып, 3-ноябрда сот Ашыралиевди күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыраткан.

Соттук отурумда Ашыралиев маркумдардын туугандарынан жана элден кечирим сурап, бирок кылмыш жасаганын мойнуна алган эмес.

Кийинчерээк Ашыралиевдин жактоочусу Бишкек шаардык сотко апелляциялык арыз менен кайрылган.

Үч адамдын өлүмү: Эми Ашыралиев маркум аялдын өлүмүн анын кызына шылтоодо

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>