Жапаровдун аянтка илинген туура эмес туу боюнча пикири: Трагедия издештин кереги жок

Жапаровдун аянтка илинген туура эмес туу боюнча пикири: Трагедия издештин кереги жок

Президент Садыр Жапаров 1-январда Бишкек шаарындагы Борбордук аянтка илинген желектен трагедия издебөөгө чакырды. Бул тууралуу ал бүгүн «Кабар» агенттигине берген маегинде билдирди.

Өлкө башчысынын айтымында, ал туу мекенчил демөөрчүлөр тарабынан жасалган. Алардын сунушу менен мэрия аянтка көтөргөн.

«8-январь күнү Жогорку Кеңеш дыкат карап, берилген сунуштарды эске алып толуктап, 3 окууда кабыл алып берген, андан соң Өкмөттүн токтому менен бекитилген жаңы желек расмий түрдө көтөрүлдү. Болду го эми, желек боюнча талкууну токтотолу», — дейт президент.

Белгилей кетсек, 1-январь күнү борбордук аянтка илинген желек коомдо кызуу талкуу жараткан. Анткени ал парламент бекиткен туунун үлгүсүнөн айырмаланып, күндүн нурлары бириктирилген желек болгон. Ушундай эле туу ИИМдин имаратынын алдына дагы көтөрүлгөн.

Министрлер кабинетинин маалымат кызматы 1-январда илинген тууну туура жана мыйзамдуу деп кабарлаган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>