Аскердик кызмат өтөбөгөндөр прокуратурада, укук коргоо органдарында иштей албайт

Аскердик кызмат өтөбөгөндөр прокуратурада, укук коргоо органдарында иштей албайт

Бүгүн, 19-июнда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам  долбоору биринчи окууда каралды.

Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары тарабынан демилгеленген.

Жыйында баяндама жасаган демилгечилердин бири – Нурбек Сыдыгалиевдин айтымында, мыйзам долбоору аскердик милдет жана аскердик кызмат жаатындагы укуктук жөнгө салууну чыңдоо жана ошондой эле Кыргызстандын жарандарынын Ата Мекенди коргоо боюнча конституциялык парыздарын жана милдеттерин ишке ашыруу, аскердик, укук коргоо кызматтарына жана прокуратура органдарына кызматка кирүүнүн беделин жогорулатуу максаттарында иштеп чыгылган.

Ушуга байланыштуу, жарандардын аскердик кызмат, укук коргоо органдарында жана прокуратура органдарында кызмат өтөөсү каралган Кыргызстандын министрликтерине жана ведомстволоруна ишке кирүүдө милдеттүү түрдө мөөнөттүү аскердик жана альтернатитвдик кызмат өтөөсү каралган ушул мыйзам долбоору демилгеленүүдө.

Талкуу соңунда мыйзам долбоор биринчи окууда колдоо тапты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>