Энергетика министринин орун басары жана “Кыргызкөмүрдүн” директору кармалды

Энергетика министринин орун басары жана “Кыргызкөмүрдүн” директору кармалды

Энергетика министринин орун басары М.Ж. (Мирлан Жакыпов) жана “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын коммерциялык директору А.С. кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, энергетика тармагындагы системалуу коррупцияны жоюу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында, УКМК тарабынан Энергетика министрлигинин, анын карамагындагы “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын, “Ысык-Көл кемечилиги” жана Балыкчы шаарындагы жүктөө-түшүрүүчү пункту филиалдарынын кызмат адамдарына карата, Бишкек ЖЭБге багытталган көп миллиондук көмүрлөрдү уурдоо фактысы боюнча козголгон кылмыш иши тергелүүдө.

Кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында, тергөө тарабынан 2021-2023-жылдар аралыгында “Кара-Кече” кенинен Балыкчы шаарына чейин көмүрдү оор жүк ташуучу унаалар менен, андан кийин Балыкчыдан Бишкектин ЖЭБине темир жол аркылуу  ташуу учурунда жогоруда аталган министрликтин жана ага караштуу мекемелердин жогорку кызматтагы кызматкерлеринен турган “көмүр мафиясынын” мүчөлөрү тарабынан 15 960,81 тонна, кеминде 40 миллион сомдон ашык көмүр уурдалганы аныкталды.

Натыйжада борбор калаадагы ЖЭБтин иши үзгүлтүккө учуратылып, мамлекеттик бюджетке ири өлчөмдө зыян келтирилген, жогорудагы коррупциялык кылмыштарга катышкандыгы үчүн, 2023-жылдын 18-июнунда УКМК тарабынан Энергетика министринин орун басары М.Ж., ошондой эле “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын коммерциялык директору А.С. кармалды.

УКМК тарабынан энергетика тармагындагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>