Жеңиш Разаков үй камагына чыкты

Жеңиш Разаков үй камагына чыкты

Бишкектин Биринчи Май райондук соту мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун баш коргоо чарасын өзгөрттү. Бул тууралуу аталган райондук соттун басма сөз кызматы билдирди.

ИИМдин тергөө кызматынын тергөөчүсү баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча арыз менен кайрылган. Шектүү тергөө аяктаганга чейин – 24-июнга чейин үй камагына чыгарылды.

Эскерте кетсек, Разаков 24-январда кармалып, Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгү (алдамчылык) жана 337-беренесинин 4-бөлүгү (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) боюнча иш козголгон.

Маалым болгондой, милицияга Б.А. аттуу жаран арыз жазып, Разаков 1 млн доллар алып, бербей койгондугун билдирген.

Кармалгандан кийин Разаков 24-февралга чейин камакка алынган. Кийинчерээк анын камактагы мөөнөтү 24-апрелге чейин узартылган.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>