Катар эмири “Ала-Арча” паркында этномаданий программага күбө болду

Катар эмири “Ала-Арча” паркында этномаданий программага күбө болду

Президент Садыр Жапаров менен Катардын эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Тани бүгүн, 7-июнда, “Ала-Арча” мамлекеттик жаратылыш паркында Катар эмиринин өлкөгө жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында уюштурулган этномаданий программа менен таанышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Өлкө башчыларын жаратылыш паркында төкмө акындар, “Алп” баатырлар жана “Аталар изи” аттуу улуттук кийимчен кыздар тосуп алышты.

Кол өнөрчүлөр аллеясынан президенттер көчмөн элдин өзгөчөлүгү чагылдырылган боз үйлөрдүн инсталляцияларында кыргыз элинин улуттук каада-салттары, кол өнөрчүлөрдүн устаканаларда буюм-тайым жасап жаткандары менен таанышып, кыргыздын улуттук тамак-аштарынан даам татышты.

Этномаданий программанын алкагында меймандарга «Аталар изи» кыргыз улуттук кийимдер коллекциясынын көргөзмөсү тартууланып, бүркүтчүлөрдүн, жаачылардын жана тайганчылардын катышуусунда «салбуурун» салттуу мергенчилигинин элементтери көрсөтүлдү.

Ошондой эле мамлекет башчылары Ч.Исабаев атындагы «Камбаркан» фольклордук-этнографиялык ансамблинин коллективинин аткаруусунда түрдүү жанрдагы чыгармаларды, эки өлкөнүн музыкаларын угушту.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>