Аскердик кызмат өтөө мөөнөтүн узартуу сунушу 2-окууда колдоо тапты

Аскердик кызмат өтөө мөөнөтүн узартуу сунушу 2-окууда колдоо тапты

Бүгүн, 27-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында “КРнын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору экинчи окууда каралды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы.

Жыйында баяндама жасаган Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Ырысбек Атажанов белгилегендей, мыйзам долбоору Куралдуу күчтөрүн реформалоо боюнча иш-чаралардын алкагында, укук колдонуу практикасын эске алуу менен аскердик кызмат өтөө мөөнөттөрүн тартипке келтирүү максатында иштелип чыккан.

Тагыраагы, мыйзам долбоору аркылуу жогорку аскердик окуу жайларды аяктаган адамдардын контракт боюнча аскерди кызмат өтөө мөөнөтүн 5 жылдан 10 жылга узартуу, ошондой эле коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисине белгиленген аскер кызматынын мөөнөтүнөн ашык, бирок эки айдан ашпаган убакытка чейин аскер кызматында калтырууга укук берүү сунушталууда.

Талкуу маалында Чыңгыз Ажыбаев Баткен облусунда аскердик лицей ачуу маселесин тактады. Буга коргоо министринин орун басары Алмазбек Карасартов бул маселе каралып жатканын билдирди. Депутаттар Эмил Жамгырчиев, Элмурза Сатыбалдиев сунуш кылынган нормалар боюнча, анын ичинде жогорку аскердик окуу жайларын бүтүргөн жарандардын контракт боюнча аскердик кызмат өтөө мөөнөтүн көбөйтүү боюнча маселелерди ортого салышты.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору экинчи окууда колдоо тапты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>