Унааларга видеокаттоо орнотууга милдеттендирүү сунушталууда

Унааларга видеокаттоо орнотууга милдеттендирүү сунушталууда

Кыргызстанда автоунаага видеокаттоо камераларын орнотууну милдеттендирүү сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоору Ички иштер министрлиги тарабынан сунушталып, коомдук талкууга чыгарылды.

Мыйзам долбоору министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун тапшырмасынын негизинде иштелип чыккан.

Маалымкат-негиздемеде айтылгандай, видеокаттоочулар укук бузууларды аныктап, ошондой эле жол кырсыктарын талдоодо талаш жараткан жагдайларда маанилүү инструмент болуп берет.

«Бул ченем жол кыймылына катышкан учурда айдоочулардын жоопкерчилигин жогорулатат жана тартибин жакшыртат, ошондой эле укук бузууларды жана кылмыштарды алдын алууга жана алардын бетин ачууга оң таасирин тийгизет», — деп айтылат документте.

Мыйзам кабыл алынып калса, автоунаага видеокаттоо камераларын орнотуу тууралуу өзгөртүүлөр 2025-жылдын 1-январынан тарта иштей баштайт.

«Бул автоээлерине көрсөтүлгөн мезгилге чейин видеокаттоочуну сатып алуу үчүн өз бюджетин пландаштырууга мүмкүндүк берет», — деп айтылат документте.

Сунушталып жаткан мыйзам долбооруна ылайык, Кыргызстандын аймагында алгачкы каттоодогу транспорт каражаттары (тракторлорду жана өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды кошпогондо), жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенген жана кооптуу жүктөрдү ташыган унаалар видеокаттоочусу жок каттоого алынбайт жана ал унааны пайдаланууга тыюу салынат.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдан 2022-жылдын 31-августуна чейин Кыргызстанда 11 миң 722 жол кырсыгы катталган. Анда 1 миң 247 адам каза болуп, 18 миң 20 киши жаракат алган. Ошол эле учурда окуя болгон жерден качып кеткен айдоочулардын саны 1 миң 902ге жеткен.

Жол кырсыгынан каза болгондордун дээрлик 70%ын эмгекке жарамдуу курактагы адамдар (25 — 40 жаш) түзөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>