Ат-Башы ГЭСин оңдоо иштери аяктады

Ат-Башы ГЭСин оңдоо иштери аяктады

Ат-Башы ГЭСин реконструкциялоо иштери аяктады. Реконструкциялоону аяктоо аземи Нарын облусунун Ат-Башы районунда өтүп, ага Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров катышты.

Маалым болгондой, 40 МВттан 45,7 МВтка чейин көбөйтүлгөн Ат-Башы ГЭСи 25-40 жыл колдонулары пландалууда.

“Кыргыз Республикасынын гидроэнергетикалык потенциалы абдан жогору, бизде 40 миңге жакын дарыялар, мөңгүлөр бар, аларда дүйнөнүн эң бийик 4 чокусунда жайгашкан. Биз бул потенциалды пайдаланууга даярбыз жана келечектеги инвесторлор үчүн бардык шарттарды түзөбүз. Мунун түздөн-түз далили — Ат-Башы ГЭСин реконструкциялоонун аякташы. Мындан ары Ат-Башы ГЭСи Нарын облусунун калкын туруктуу электр энергиясы менен гана камсыз кылбастан, бүтүндөй облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө чоң салым кошот”, — деди Акылбек Жапаров.

Ошондой эле, өкмөт башчы ГЭСти реконструкциялоого жардам көрсөткөндүгү үчүн Швейцария Конфедерациясынын өкмөтүнө ыраазычылык билдирди.

Белгилей кетсек, 2022-жылы энергетика тармагын өнүктүрүүгө 15 миллиард сом бөлүнгөн.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Ат-башы ГЭС

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>