Бишкекте мончо жана ден соолукту чыңдоочу комплекс курулат

Бишкекте мончо жана ден соолукту чыңдоочу комплекс курулат

Бишкек шаарында мэр Эмилбек Абдыкадыровдун катышуусунда мончо жана эс алуу комплексинин пайдубалына капсула салуу аземи өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, курулуштун жалпы аянты 9174,51 метр куб. Анда жер төлөсү менен эки кабаттуу заманбап имарат курулат. Мончо 240 орунга ылайыкталган. Комплексте ошондой эле унаа токтотуучу жай каралган.

Долбоорду «Нур-Строй-Групп» ЖЧК уюму иштеп чыккан.

Учурда падрядчы «Лидер Хаус К.К.» ЖЧК менен курулуш-монтаждоо иштерин аткарууга келишим түзүлдү. Казуу иштери бүткөрүлдү.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>