«Ата-Бейитте» Чыңгыз Айтматовду эскерүү иш-чарасы өттү (сүрөт)

«Ата-Бейитте» Чыңгыз Айтматовду эскерүү иш-чарасы өттү (сүрөт)

Бүгүн, 10-июнда «Ата-Бейит» комплексинде улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовду эскерүү иш-чарасы өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Белгилүү болгондой, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Чыңгыз Айтматов 2008-жылдын 10-июнунда 79 жаш курагында акка моюн сунган. Жазуучунун дүйнөдөн өткөн күнүндө мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, маданият министри Алтынбек Максутов, Чүй облусунун башчысы Канат Жумагазиев, муфтий Замир кары Ракиев, көрүнүктүү маданият ишмерлери, интеллигенция өкүлдөрү жазуучунун «Ата-Бейиттеги» жайына барып, гүл коюп, куран окуп эскеришти.

Жазуучуну эскерүү иш-чарасына анын бир тууганы Роза Айтматова, уулдары Аскар Айтматов, Элдар Айтматов жана башка жакындары катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө министр Алтынбек Максутов быйыл Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгы экенин айтып, ага байланыштуу республикада жана эл аралык деңгээлде бир катар маанилүү иш- чаралар өтө тургандыгын билдирди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>