Кыргызстанда 1-октябрдан тарта чек арачылардын айлыгы көтөрүлөт

Кыргызстанда 1-октябрдан тарта чек арачылардын айлыгы көтөрүлөт

Кыргызстандын чек арачыларынын айлыгы көтөрүлөт. Бул тууралуу каржы министри Алмаз Бакетаев Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, жакында эле чек арачылардын айлык маянасын көтөрүү боюнча жарлыкка кол койду.

«Ушул жылдын 1-октябрынан тарта чек арачылардын жылдык эмгек акы фонду 80%га чейин көтөрүлөт. Бул үчүн бизде акча бар», — деди ал.

Буга чейин Садыр Жапаров “Кыргызстандын аскер кызматчыларына жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине акчалай үлүштү төлөө системасын өркүндөтүү жөнүндө” жарлыкка кол койгон.

Жарлыкка ылайык, 2022-жылдын 1-октябрынан тартып прокуратура органдарынын системасынын кызматкерлерин кошпогондо, Кыргызстандын аскер кызматчыларына жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине кызмат өтөө үчүн үстөктөрдү жылдык эмгек акы фондунун 80 пайызына чейин жогорулатылат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>