«Ата-Бейитте» курсанттар кабылган жол кырсык боюнча иш козголду

«Ата-Бейитте» курсанттар кабылган жол кырсык боюнча иш козголду

Куралдуу күчтөрдүн Аскер институтунун курсанттарынын катышуусундагы жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Учурда ички иликтөө иштери жүрүп жатат.

27-августта Куралдуу күчтөрдүн Аскердик институтунун курсанттары «Ата-Бейит» аймагында аскердик ант бергенден кийин унаа жол кырсыгына кабылган. Биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин 9 адам ар кандай жаракаттар менен Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун медициналык мекемелерине жаткырылды, калгандары аскер госпиталында аскер дарыгерлеринин көзөмөлүндө.

Коргоо министрлигинен билдиришкендей, аскер кызматкерлеринин абалы канааттандырарлык, аларга керектүү медициналык жардам көрсөтүлүүдө. Аскердик ант берүү аземи «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинин аймагында курсанттардын жакындары менен жогорку уюшкандыкта өткөрүлгөн.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>