Бишкекте веложүрүш өттү — сүрөт

Бишкекте веложүрүш өттү — сүрөт

Бүгүн,  28-августта Бишкек шаарында эгемендүүлүк күнүнө жана “Ден соолук менден башталат!” деген ураандын алдында веложүрүш өттү.

Иш-чарага Министрлер кабинетинин орун басары Эдиль Байсалов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, Кыргызстан калкы ассамблеясынын жана жарандык коомчулуктун өкүлдөрү, ошондой эле велоспорт сүйүүчүлөрү болуп жалпысынан 1000ден ашык адам катышты.

Веложүрүштүн катышуучуларын марага жеткенде Эдиль Байсалов, министр Азамат Жаманкулов жана Президенттин администрациясынын башкармалыгын башчысы А. Исанов жана оор атлетика боюнча олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиевдер куттукташты.

Эдиль Байсалов өз сөзүндө биримдикти чыңдоо, толеранттуулукту жогорулатуу жана көп түрдүүлүк дөөлөттөрүн урматтоону сактоо кыргыз жараны деп өзүн таануунун улутту калыптандырууну камсыз кылуунун маанилүү шарттарынан болуп саналарын билдирди.

Ал эми Азамат Жаманкулов кыргыз жараны – бул этностук, диний, социалдык жана региондук таандыктыгына карабастан, Кыргызстандын Конституциясына ылайык укуктары жана милдеттери бар Кыргызстандын жараны экендигин айтты.

Иш-чара өнөктөштөргө ыраазычылык баракчаларын тапшыруу жана концерттик программа, флешмоб менен жыйынтыкталды.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ
Тэги: веложүрүш

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>