Google компаниясын багындырган кыргызстандык Нурбек менен маек

Google компаниясын багындырган кыргызстандык Нурбек менен маек

IT тармагында, дүйнөлүк гигант компанияларда эмгектенип келе жаткан кыргызстандыктар арбын. Алардын бири — 27 жаштагы Нурбек Акпаралиев.  Ал  учурда Google компаниясынын Цюрих шаарындагы (Швейцария) кеңсесинде иштейт. Ага чейин Санкт-Петербургда Epam Systems компаниясында иштеген. Ал программалык камсыздоону жасаган компания катары таанымал. Мекендешибиз менен Reporter.kg′нин кабарчысы баарлашты.

— Нурбек, кайсы окуу жайда билим алдыңыз эле? Кайсы тармактын адиси болосуз?

— Мен Бишкекте чоңоюп, №29 мектепте окугам. Андан кийин Кыргыз-орус славян университетинде инженер-программист адистиги боюнча билим алгам. Андан тышкары Россиядагы ИТМО университетинде (улуттук изилдөө университети) ушул эле тармакта инженер-программист адистиги боюнча дагы окугам.

—  Ушундай дүйнөлүк ири компанияларга кирүү үчүн кандай билим талап кылынат? Тажрыйбаңыз менен бөлүшсөңүз. 

— Менин диплому жок деле кесиптештерим бар. Негизгиси компанияга жага тургандай жана анын ишмердүүлүгүнө туура келген тажрыйба болушу керек. Ошондой эле, техникалык маектешүүдөн өтүү зарыл. Ал эми англис тилинде эркин сүйлөө негизги талаптардын бири.  Туура сүйлөшкөндү да билүү дагы маанилүү.

— Алгач компанияга жумушка орношкондо кандай көйгөйлөр болду?

— Олтуттуу көйгөйлөр деле болгон жок. Биринчи айда көп маалымат окуп, Google компаниясынын тренингдеринен өтүш керек болду.

— Ири компанияларга жөнөтүлүүчү резюмеде эмнелер камтылышы керек?

— Резюменин өзөгүн буга чейинки иштеген жерлер жана бул тармактагы иш тажрыйба тузөт, андан кийин билим алган окуу жай, андан соң кошумча сертификаттар каралат. Мындан тышкары, адамдын жан дүйнөсүнө жаккан иши, хоббиси каралат.

— Сизге окшоп Google сыяктуу чоң компанияда иштегиси келген жаштарга кандай кеңеш бере аласыз?

— Алгоритмдерди жана маалыматтардын түзүмүн окуп, коммуникация боюнча жөндөм-шыктарды өнүктүрүү керек деп айтат элем. Ошондой эле, көп сандагы колдонуучулар менен иштөө тажрыйбасын топтоо зарыл. Бул багытта кызыккан жаштар эгер суроолору болсо, мага Facebook же LinkedIn аркылуу кайрылышса кеңири кеңеш бере алам.

— Кыргызстан айтини кирешелүү тармакка айлантуу үчүн эмне кылуусу керек? Өлкөнүн бул багыттагы келечегин кандай деп элестетесиз?

— IT’нин өнүгүшүнө тоскоолдук жаратпай, стартаптарга эркиндик берүү керек. Мектептерде программалоо боюнча курстарды ачып, алар жаштарды кызыктыра тургандай болушу зарыл. IT’ге жаңы аралашып жаткандар үчүн көбүрөөк жумушчу орундарды түзүү кажет. IT конференцияларда көбүрөөк өткөрүп, чет жерден спикерлерди чакырып, тажрыйбалар менен бөлүшүү дагы пайдалуу.

— Бүгүнкү күнү Google компаниясында башка да кыргыз кыз-жигиттер иштеп жүргөнү маалым. Жолугуп турасыңарбы?

— Ооба, Эркин Матказиев Польшадан Цюррихке келип кеткен. Өткөн аптада Лондонго баргам, ал жактан Google’да иштеген Кундуз Барыктабасова, Алия Рысбек менен жолуктум. Мындан мурда Бишкекте Жылдыз Сыр менен жолуккам. Ал азыр Дублинде.

— Жакынкы келечекте кайсы кесипке болгон суроо-талап көп болот деп ойлойсуз? 

— IT менен байланышкан бардык кесиптерге суроо-талап көп болот. Жаңы технологияларды колдонгон бардык адистиктер  – медицинадагы, архитектурадагы жана башкалар актуалдуулугун жоготпойт.

— Google компаниясында иштөө эмнеси менен жагат?

— Google’дын жардамы менен көптөгөн адамдарга пайдалуу иш жасоого мүмкүн.  Компания кызматкерлерин акысыз тамак-аш менен камсыз кылат, мындан тышкары камсыздандыруу жана башка күнүмдүк маселелер боюнча кам көрүп келет. Ошондуктан турмуш-тиричилик иштерге алаксыбай, көбүнесе программалоого көңүл бурам. Бул дагы компаниянын камкордугу.  Ошондой эле, Мага компаниянын идеяларды сыйлап, кызматкерлерди баалап турганы жагат. Ал эми кызматкерлер өз кезегинде бири-бирине жардам берүүгө дайым даяр.

— Цюрих шаарына көчүп келгенде кандай өзгөчөлүктөрдү сездиңиз?

— Швейцарияда коронавирус боюнча чектөөлөр алынгандыктан, аралыктан иштебестен күн сайын жумушка барып келем. Россиядан Швейцарияга көчүп келгенден кийин жолдордун, азык-түлүктүн, суунун сапатынын айырмасын сездим. Бул жерде сапаты алда канча жогору экени дароо билинет. Ошондой эле,  аба ырайы дагы Санкт-Петербургга салыштырмалуу жакшыраак.

— Жумуштан тышкары эмне менен алектенесиз?

— Дем алыш күндөрү кээде тоого барабыз.  Дарыя жана көлдөргө сууга түшүп, сүзүп турам. Токой ичинде чуркайм. Саякатка чыгам. Цюрихтен Женевага чейин ыңгайлуу поезддер жүрөт, 3 саат аралыгында жетүүгө болот. Мындан тышкары, сүрөт тартам, психология боюнча китептерди окуйм.

— Келечекке кандай пландарыңыз бар?

Азырынча бир позицияга көтөрүлүп, компанияда отурукташуу планым бар. Ошондо мен кайсы тарапта өскүм келери айкын болот. Келечекте Кыргызстандын же Борбор Азиянын кайсы бир жеринде долбоорлорду ачып, университеттер менен кызматташса болот.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>