Керектөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдүБишкекте Шакиранын концертине байланыштуу айрым көчөлөр жабылды
«Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын лидери алмашабы?
05.10.2022 | 11:29
“Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын жыйынында лидерин алмаштуу маселеси көтөрүлдү. Бул тууралуу Reporter.kg′ге өздүк булактар билдирди.
Маалым болгондой, фракция лидери Нурлан Шакиевдин ордуна депутат Бакыт Сыдыковду шайлоо пландалууда.
Бирок, фракциянын депутаттарынын кеңири талкуусунан кийин бул маселени ачык калтыруу чечими кабыл алынган.
Буга чейин депутат Нурлан Шакиев «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын лидери болуп, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарлыгына дайындалган Бакыт Төрөбаевдин ордуна шайланган.
Нурлан Шакиев бир мандаттуу Аксы шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаты болуп келген. “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясы 33 депутаттан турат, алардын 18и бир мандаттуу округдар боюнча шайланган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар