Атамбаев эмне үчүн айнек тосмону тепкиледи? — видео

Атамбаев эмне үчүн айнек тосмону тепкиледи? — видео

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев ден соолугуна байланыштуу соттук отурумдарга катыша албай турганын айтып, аны сот залына алып келбөөнү талап кылды.

8-апрелде 2020-жылдагы Октябрь окуялары боюнча кылмыш ишин караган соттук жараян учурунда үч грыжасы бар экенин, отура албай турганын айтып айнек тосмону тепкиледи.

«Мени судья сотко катыштырбайт деп ишенем, анда ушундай укук бар. Өмүр бою кескиле мени, бирок мени кыйнап, шылдыңдоону токтоткула», — деди Атамбаев.

Мындан кийин аны сот залынан алып кетишти.

Буга чейинки соттук жараян учурунда Атамбаев өзүн жаман сезип, аны «Тез жардам» унаасы алып кеткен.

Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Атамбаевге «Батукаев иши», Кой-Таш окуялары, Октябрь окуялары боюнча, мындан тышкары кылмыштуу жол менен алынган кирешени адалдаштыруу, Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо, Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушуна бөлүнгөн акчадан уурдоо, паспортторду мыйзамсыз жазып берүү деген айыптар тагылган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>