Атамбаев Кой-Таш окуясында бир адам өлүп, жашыруун көмүлгөнүн айтты. Милиция үн катты

Атамбаев Кой-Таш окуясында бир адам өлүп, жашыруун көмүлгөнүн айтты. Милиция үн катты

Чүй облустук милиция мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин, 14-февралда абактан чыккандан кийинки маалымат жыйындагы билдирүүсү боюнча үн катты.

Анда Атамбаев 2019-жылы 7-8-августтагы Кой-Таш окуясында, аны кармоо боюнча атайын операция учурунда, аны коргоп чыккан жарандардын ичинен бирин адам каза болуп, маркум жашыруун көмүлгөнүн билдирген.

16-февралда аталган маалыматты тактоо максатында, ал каттоого алынган.

Милициядан билдиришкендей, 2019-жылы аталган жарандын жерге берилиши боюнча Талас райондук милициясынын тергөө кызматы тарабынан териштирүү жүргүзүлүп, К.М. аттуу жарандын өлүмү Кой-Таш окуясы менен байланышы жок экендиги аныкталган. Маалым болгондой, маркум кырсыктын айынан каза болгон. Тактап айтканда, ал Талас районунда жоголгон малды издеп, тоодо жүргөн учурда 12 калибрлүү мылтык менен сол бутуна кокустан атып алып, кан жоготуудан каза тапкан.

«Бул жагдай чогултулган материалдар жана маркумдун жакындарынын көрсөтмөсү менен тастыкталат», — деп айтылат маалыматта.

Милициядан белгилешкендей, текшерүүнүн жыйынтыгы менен соттук өндүрүш кылмыштын курамы жок болгондуктан, жабылган.

Ошондой эле, Чүй облустук милициясынын тергөө кызматына Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ирина Карамушкина чакырылган. Анын айтымында, ал Кой-Таш окуялары учурунда аталган жарандын каза болгону жана анын жашыруун жерге берилгени тууралуу Б. аттуу чала тааныш аялдан уккан. 2019-жылы Жогорку Кеңештин депутаты болуп турганда, бул маселени коомчулук арасында көтөрүп чыккан.

«Текшерүүнүн жыйынтыгында Алмазбек Атамбаев менен Ирина Карамушкинанын Кой-Таш окуялары учурунда каза болгон жаран жана анын жашыруун жерге берилгени тууралуу маалымат тастыкталган жок», — деп билдиришти милициядан.

Эскерте кетсек, 2019-жылы 7-8-августта Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүргүзүлгөн. Анда күч органдары менен Атамбеавдин тарапташтары ортосунда кагылыш болуп, УКМКнын атайын даярдыктагы бөлүгүнүн командиринин орун басары Үсөн Ниязбеков каза тапкан жана көптөгөн жаран жараат алган.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>