Депутат «Жашыл Кыргызстан» акциясын өткөрүүнү сунуштады

Депутат «Жашыл Кыргызстан» акциясын өткөрүүнү сунуштады

Бүгүн, 22-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында «Ыйман Нуру» парламенттик фракциясынын лидери Нуржигит Кадырбеков «Жашыл Кыргызстан» экологиялык акциясын өткөрүү жөнүндө 2022-жылдын 17-мартындагы №137-VII токтомунун аткарылышы тууралуу маалымат берип, бул демилгени колдоого чакырды.

Нуржигит Кадырбеков маалымдагандай, аталган токтомго ылайык, Республиканын өздөштүрүлбөгөн аймактарын, шаарларынын, ошондой эле калктуу конуштарынын аймактарын жашылдандыруу боюнча «Жашыл Кыргызстан» экологиялык акциясы жыл сайын 1-февралдан тартып 30-апрелге чейин өткөрүү сунушу белгиленген.

«Бүгүнкү күндө дүйнө жүзү боюнча экологиялык көйгөйлөр биринчи орунга чыгууда жана бул маселелерди чечүүдө жашылдандыруу иштери өзгөчө роль ойнойт. Буга байланыштуу экологиялык абалды жакшыртуу, көрктөндүрүүнүн деңгээлин жогорулатуу, жаратылышты коргоо жана көрктөндүрүү процессине жарандарды тартуу, ошондой эле өлкөнүн шаарларынын жана калктуу конуштарынын аймактарында жашыл бак-дарактардын аянтын көбөйтүү максатында Жогорку Кеңештин «Жашыл Кыргызстан» экологиялык акциясын өткөрүү жөнүндө токтом кабыл алынган», — деген Н.Кадырбеков жалпы коомчулуктуу аталган акцияга кошулууга чакырды.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>