Сузакта аялдарды мыйзамсыз окуткан медресе аныкталды

Сузакта аялдарды мыйзамсыз окуткан медресе аныкталды

Сузак районунун аймагында мыйзамсыз диний билим берүүчү борбордун ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2023-жылдын 16-февралында УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан жарандарды экстремисттик жана террористтик аракеттерге тартуунун алдын алуу боюнча профилактикалык иш-чаралардын алкагында, Сузак районундагы Кызыл-Туу айыл аймагынын Мундуз айылындагы “Чолпонай” диний билим берүү борборунун мыйзамсыз ишмердүүлүгү аныкталып, бөгөт коюлду.

Текшерүү иштеринин жыйынтыгында, бул диний окуу борбору 2022-жылдын ноябрында, КР мыйзамынын “Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” 8, 10 беренесин бузуу менен негизделгени аныкталган.

Диний борбордо үч мугалим эмгектенип, 30га жакын жергиликтүү тургундар (аялдар) билим алышкан. Сабактар жумасына эки жолу өткөрүлүп, алар Курандын негиздерин жана исламий укук илимин үйрөтүшөт. Ошол эле учурда мугалимдердин жогорку диний билими жок болуп чыккан.

Текшерүүнүн жыйынтыгында диний окуу борборунун ишмердүүлүгү токтотулуп, Жазык-кодексинин 142-кодексинин 1-бөлүгү “Укук бузуулар жөнүндө” беренесине ылайык тиешелүү актылар түзүлүп, 5500 сом өлчөмүндө айып салынды.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>