Атамбаев жакында эркиндикке чыгабы? Жогорку соттун жообу

Атамбаев жакында эркиндикке чыгабы? Жогорку соттун жообу

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча анын жактоочуларынан өтүнүн келип түшсө анда Биринчи май райондук сотунда иш кайрадан каралат. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Соттун чечими менен Атамбаев үй камагына чыгышы мүмкүн же абакта калат.

Кечээ Жогорку сот кримавторитет Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча Алмазбек Атамбаевге карата буга чейин чыккан өкүмдү жокко чыгарып, ишти кайра кароо үчүн райондук сотко жиберген.

Мындан сырткары, бул иште мурда күңөөлү деп табылган  мурдагы Башкы прокурор Индира Жолдубаевага, Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжановго, Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиевге карата чыккан өкүм дагы жокко чыгарылган.

Биринчи май райондук соту 2020-жылдын июн айында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди күнөөлүү деп таап, аны 11 жыл, эки айга эркинен ажыраткан. Ал эми Жолдубаевага 5 млн сом айып салынып, класстык чининен жана ардактуу наамынан ажыратылган.

Калыбек Качкыналиев жеңилдетилген жаза менен эки жылга кесилип, сот залынан бошотулган. Ал эми Раимжановду жоопкерчиликке тартуунун мөөнөтү өтүп кеткендиктен жаза берилген эмес.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>