Бишкектин «Мурас Ордо» конушунда 29-октябрда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөтСадыр Жапаров Түркияга иш сапары менен баратАйпери Медет кызы Астанадагы Дүйнө чемпионатында коло байге үчүн күрөшөтЭксперт: Кыргызстан бир нече жыл бою Россиядан күйүүчү май албай калышы мүмкүнКанат Эшатов: Кыргызстанда күйүүчү майдын чекене баалары жыл аягына чейин өзгөрбөйтКыргызстан менен Катардын ортосунда Ишкерлер кеңеши түзүлөт
Атамбаевди кармоо операциясына желим октон 10дон ашык адам жабыркады
07.08.2019 | 21:35
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы учурунда желим октон он чакты адам жабыркады. Бул тууралуу КСДП партиясынын мүчөсү Мирбек Айтикеев Фейсбук баракчасында билдирди.
Күбөлөрдүн айтымында, октон жабыркагандар арасында журналисттер да бар. Ал эми КСДПнын активдүү мүчөсүнүн бири Мээрбек Мискенбаев да октон жабыркаганын журналист Мирбек Айтикеев билдирген.
Учурда Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө дагы деле ок атылууда. Ал эми экс-президенттин азыркы абалы тууралуу азырынча эч кандай расмий маалымат жок.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат