Нарында ок атуу боюнча жаңы спорттук тир ачылдыКыргыз улуттук филармониясы жана Кореянын Сеул искусство жана маданият фонду кызматташатДүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына «Бишкек Аренага» шаттл-автобустар каттайт – даректерКылымдарды карыткан Кытай: Бишкекте өзгөчө эл аралык көргөзмө ачылдыБишкекте Кызыл-Суу кыргыздарынын аткаруусунда «Манас» спектакли коюлатКыргызстан Кытайдын Улуттук мунай-газ корпорациясы менен тыгыз кызматташат
Атамбаевди колдогон КСДПнын депутаттары суракка чакырылды
09.08.2019 | 13:39
Жогорку Кеңештин депутаттары Асел Кодуранова жана Ирина Карамушкина ИИМдин тергөө кызматына суракка чакырылды. Бул тууралуу КСДПдан билдиришти.
Депутатар суракка Кой-Таштагы окуяларга күбө катары чакырылган. Буга чейин КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева жана Атамбаевдин жан сакчылары сурак беришкен. Ал эми КСДПнын төрагасынын орун басары Фарид Ниязов 48 саатка убактылуу кармоо жаына киргизилген.
Мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев 8-августта кечке маал мажбурлап алып келүү боюнча жүргүзүлгөн операциянын алкагында кармалып, УКМКга алынып келинген. Бүгүн анын баш коргоо чарасы каралып, 26-августка чейин камакка алынды.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат