Ошто бокс боюнча TURKSEN 3 эл аралык турнири өтөт

12.08.2026 | 17:58
В Оше пройдет международный турнир по боксу TURKSEN 3 — Новости Кыргызстана

Ош шаарынын күнүнө карата эл аралык TURKSEN 3 профессионалдык бокс турнири өтөт. Шаар мэри Жанарбек Акаев Кыргыз профессионалдык бокс лигасынын президенти Шайлообек Атазов менен жолугуп, турнирди уюштуруу маселесин карады.

Ош мэриясынын маалыматында, мелдеш ТҮРКСОЙ уюмунун колдоосу менен өткөрүлөт. Ага түрк дүйнөсүнүн өлкөлөрүнөн жана башка мамлекеттерден мушкерлер катышат. Турнирге дүйнөнүн жети жолку чемпиону Орзубек Назаров катышары күтүлүүдө.

Жолугушууда Жанарбек Акаев бул мелдеш шаардын эл аралык аброюн жогорулатууга жана аны спорттук борбор катары таанытууга өбөлгө түзөрүн билдирген. Ал эми Шайлообек Атазов алдыдагы мелдеш профессионалдык бокс сүйүүчүлөрү үчүн өзгөчө спорттук майрам болорун белгилеп, турнирдин программасында көрүүчүлөрдү кызыктырган бир катар курч беттештер орун аларын айткан.

Scroll to Top