Бишкектин «Мурас Ордо» конушунда 29-октябрда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөтСадыр Жапаров Түркияга иш сапары менен баратАйпери Медет кызы Астанадагы Дүйнө чемпионатында коло байге үчүн күрөшөтЭксперт: Кыргызстан бир нече жыл бою Россиядан күйүүчү май албай калышы мүмкүнКанат Эшатов: Кыргызстанда күйүүчү майдын чекене баалары жыл аягына чейин өзгөрбөйтКыргызстан менен Катардын ортосунда Ишкерлер кеңеши түзүлөт
Атамбаевге жубайы жолугуп чыкты
27.08.2019 | 13:22
Камакта отурган мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин аялы Раиса Атамбаева аны менен 23-августта жолугуп чыккан. Бул тууралуу Атамбаевдин жактоочусу Сергей Слесарев билдирди.
Сергей Слесаревдин Атамбаевдин учурда ден соолугу жакшы экенин айтып, аны менен жолугуп жатканын маалымдады.
Белгилей кетсек, Алмазбек Атамбаев 8-августта Ички иштер министрлигинин атайын операциясынан соң колго түшүп УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Ал бир нече оор кылмыштарга шектелүүдө.
Биринчи Май райондук соту УКМКнын имаратында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасын карап, анын камактагы мөөнөтүн 26-октябрга чейин узартуу чечимин кабыл алган.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат