Чет өлкөлүк капиталы бар ишканалар 2025-жылы 109 млрд сом пайда таптыНарын дарыясында мыйзамсыз балык уулаган жарандарга айып пул салындыЧет өлкөлүк капиталы бар ишканаларда орточо айлык акы 61,9 миң сомду түздүКыргызстанда сотко кайрылуудан мурда медиатор менен милдеттүү жолугушуу киргизилетКыргызстандыктар Беларуста 30 күн каттоосуз жүрө алышатБишкек шаарында Хорватиянын консулдугу ачылды
Аткаминерлер бир жума бою журналисттерге жарым жылдык иш боюнча маалымат берет
18.07.2022 | 09:26
Мамлекеттик органдардын жетекчилеринин 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгы үчүн отчеттук жумалыгы башталды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 18-июлдан 28-июлга чейин министрликтердин жана ведомстволордун кызматкерлери жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, активисттер жана блогерлер менен жолугушууларды өткөрүп, анда иштин жыйынтыгы жана жакынкы, орто мөөнөттүү келечектеги милдеттер тууралуу сүйлөшөт.
«Жолугушуулар бейформал шартта өтөт. Алгач мамлекеттик органдардын жетекчилери биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча презентацияларды жасашат, андан кийин медиа чөйрөнүн өкүлдөрү жыйындын катышуучуларына кызыктырган суроолорун бере алышат», – деп билдирди министрлер кабинети.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом