Чүйдө ЖКККББ инспекторлору үчүн жаңы имарат ачылды

Чүйдө ЖКККББ инспекторлору үчүн жаңы имарат ачылды

Бүгүн, 1-ноябрь күнү Чүй облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери үчүн жаңы имарат ачылды. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, имараттын ачылышына ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Эркебек Аширходжаев, ИИМдин ЖКККББнын башчысы Азамат Исраилов, ИИМдин Ардагерлер  кеңешинин өкүлдөрү, ошондой эле Чүй облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын  жалпы жамааты катышты.

Иш-чара учурунда, ЖККББнын башчысы Азамат Исраилов ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаевге жаңы имартаттын ичи жана жаңы техникалары менен кеңири тааныштырып, азыркы учурда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо багытында иш алып барып жаткан  бардык кызматкерлерге тийиштүү шарттар түзүлүп, жыл аягына чейин өлкөнүн бардык аймактарында “АвтоУраган” аппарттык комплекстери ишке кирерин баса белгиледи.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>