Автоунаа терезесин караңгылатуу акысын арзандатуу сунушталды

Автоунаа терезесин караңгылатуу акысын арзандатуу сунушталды

Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында депутаттар унаалардын терезелерин караңгылатуунун баасын арзандатууну сунушташты.

Депутат Бахридин Шабазов белгилегендей, убагында Министрлер кабинети унаа терезелерин караңгылатуу өлкөнүн бюджетин толуктайт деп билдирген.

«80 миң сом унаа ээлери үчүн кымбат баа. Эгер караңгылатуунун баасын 50 миң сомго чейин түшүрсөңөр болобу?», — деп ЖКККБнын башчысы Азамат Исраиловго кайрылды.

Ал өз кезегинде бул сунушту Экономика жана соода министрлиги менен биргеликте иштеп чыгууга убада берди.

Депутат Шаирбек Ташиев бааларды кыймылдаткычтын көлөмүнө жараша карап коюуну сунуштады.

«Мисалы, үч кубга чейин 30 миң сом, андан кийин 40, 50 миң сом болушу керек. Мотор канчалык чоң болсо, тонировка ошончолук кымбат болушу керек», — деди ал.

Эске салсак, унаанын терезелерин караңгылатууга төлөөнүн тартиби 2022-жылдын 23-майында Министрлер кабинети тарабынан бекитилген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>