Бишкекте окуучу кыз өзүнүн мектебине бомба коюлганы тууралуу жалган билдирүү таратканНовосибирск – Бишкек рейсинин жүргүнчүлөрү жардыргыч кабарынан улам чыгарылдыЧүй облусунда үшүк жүрүшү күтүлүүдө: милиция айдоочуларга эскертүү бердиКыргызстан менен Тажикстандын Улуттук банктары төлөм системаларын талкуулаштыBITEVOLUTION: Бишкекте каржы пирамидасын уюштурууга шектелген жаран кармалдыКыргыз жаштарынын шайлоо сабаттуулугу боюнча долбоору Германияда кызыгуу жаратты
Быйыл билим берүү тармагына 8,9 млрд сомго көп каралды
12.04.2023 | 10:47
Быйыл билим берүү тармагына жалпы 65,3 млрд сом каралды. Бул тууралуу 12-апрелде Бишкектеги маалымат жыйында Каржы министрлигинин Бюджеттик саясат башкармалыгынын башчысы Талас Айдарбек уулу билдирди.
Анын айтымында, былтыр билим берүү тармагына 56,4 млн сом бөлүнгөн (былтыркыга караганда 8,9 млрд сомго көп).
Айдарбек уулу билдиргендей, былтыр билим берүү кызматкерлеринин маяналары көтөрүлгөндүктөн, быйыл билим берүү тармагына бөлүнгөн каражат да көбөйтүлгөн. Бөлүнгөн каражаттын басымдуу бөлүгү айлык акы төлөөгө жумшалат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом